Главная


Өндүрүш өнүксө, экономика өнүгөт. «Кыргызнефтегаз» ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү

Өндүрүш өнүксө , экономика өнүгөт . «Кыргызнефтегаз» ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү
Стоковые изображения от Depositphotos

Tazabek — Бүгүн , 26-апрелде Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү . Ага мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү , Ноокен районунун акими , өндүрүштүк мекеменин жетекчилиги , директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана акционерлер катышты . Маалым болгондой , чогулуштун жүрүшүндө башкармалыктын төрагасынын өткөн жыл ичи аткарган жумуштарынын өтчёту кабыл алынып , 2024-жылга карата бюджет , иш пландар бекитилди .

«Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын башчысы Нургазы Нишановдун айтымында өткөн 2023-жылдын жыйынтыгы менен мунай өндүрүү 184 миң тоннаны түзүп , былтыркы жылга коюлган пландан 9 миң тоннага көп аткарылган .

Ал эми газ өндүрүүдө план 109 % аткарылган . Тактап айтканда 2023-жылы 25 млн м3 табигый газ өндүрүү пландалса , иш жүзүндө 27,4 млн м3 газ өндүрүлгөнүн белгилеп өттү.

Мындан сырткары ал , 2023-жылы план боюнча жылына 61 миң 615 погондук метр бургулоо иштери каралса , иш жүзүндө 61 миң 826 погондук метр казылып , 34 жаңы скважина , анын ичинде 32 мунай өндүрүүчү жана 2 газ скважинасы ишке берилгенин кошумчалады.

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому ушул жылы кубаттуу бургулоочу жаңы техниканы ишке киргизди . Тагырагы , өндүрүштүк мекеме 384 602 138 сомго ZJ-40 атылышындагы кубаттуу стационардык бургулоочу агрегатты Кытай Эл республикасынан сатып алган . Мунай өндүрүүдө аталган техниканын орду чон мындан улам бул компания үчүн чон жетишкендик . Учурда ишканада 7 бригадалык топ бургулоо иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми , өткөн 2023-жылы мекемеге Россиянын «Автократ» ишканасы «Барс-140» аталышындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 140 тоннага барабар болгон мунай скважиналарын бургулоочу агрегатын жасап берип , ишке киргизген.

Акыркы 3-жылда «Кыргызнефтегаз» ААКу материалдык техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп келет . Тагырагы 90 даана жаңы атайын техника сатып алынган . Бүгүнкү күндө Технологиялык транспорт башкармалыгында 332 даана техника бар.

Мекеменин директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиевдин билдиргенине караганда жыйынга акционерлер толук катышып , өз сунуштарын берип , алдыда аткарылчуу иш пландарды түзүүгө көмөк көрсөткөн.

«Бүгүнкү жыйында башкармалыктын төрагасынын аткарган жумуштары тууралуу маалыматтарды угуп , акционерлер менен бирге күн тартибиндеги маселелерди карап , 2024-жылга бюджет менен иш пландарды бекиттик . Ал эми , мекеме алдыга чон максаттарды коюп , жакшы иштеп жатканы , акционерлер тараптан айтылып жатты» , — дейт ал.

Сөз болуп жаткан ишкана 2023-жылы 3 милиард 243 милион сом консолидацияланган баланстык киреше тапканга жетишкен , ал эми консолидацияланган таза киреше 2 милиард 906 милион сомду түзгөн.

«Кыргызнефтегаз» ААКму 2023-жылы мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 676 миллион сомдук төлөмдөрдү төккөн . Анын 1 миллиард 476,5 млн.сому салыкка , 469,1 млн . сому социалдык фондго чегерилген . Ал эми мамлекеттик үлүшкө бөлүнгөн дивиденддер 730,2 миллион сомду туздү.

2021-жылы өлкө башчысы С.Жапаров Жалал-Абадка жасаган иш сапарынын жүрүшүндө мунайды кайра иштетүү заводу менен таанышып , аны тез арада жаңылоо боюнча тапшырмаларды берген . Бүгүнкү күнү заводду жаңылоонун алгачкы кадамдары башталып жатканын мекеменин жетекчилиги айтып өттү . Тагырагы чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп , 410 млн долларлык келишимдер түзүлгөнүн билдирди . Заводду модернизациялоо жумуштары аягына чыкса АИ 95 маркасындагы бензин иштелип чыгып , өлкө аймагын арзан , сапаттуу күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт жаралат.

Мындан сырткары өндүрүштүк мекеме Кочкор-Ата шаарындагы социалдык маселелерди өз каражатынын эсебинен чечип келет , тагырагы былтыркы жылы жалпысынан 96,2 млн.сомдук каражат жумшалган . Андан сырткары калаадагы ичүүчү таза суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу боюнча 10 млн содук долбоор даярдалып , бүгүнкү күндө иш жүрүп жатат.

Чогулушта сөз сүйлөгөн район акими Таалайбек Ишенбеков өндүрүмү жылдан-жылга өсүп жаткан ишкана Кочкор-Ата шаарынын эле эмес , райондогу социалдык маселелерди чечүүдө да оорду чоң экенин белгиледи.

«Баарына белгилүү болгондой,«Кыргызнефтегаз» ААК жыл сайын республикалык казынага ири өлчөмдө каражат төлөп келет . Мен анын ичинен мекеменин биздин районго тийгизген пайдасына эле токтолуп өтөйүн . Маалым болгондой , райондун өнүктүрүү фонду бар ишкана жыл сайын фонго каражат бөлүп келет . Өткөн жылы Кочкор-Ата шаарында 2 кабаттуу заманбап төрөт үйү дал ушул фонддун эсебинен курулуп пайдаланууга берилди . Андан сырткары Масы айыл өкмөтүндө 15 адамды иш менен камсыздаган чакан ишкана түзүлдү . Райондогу балдар бакчаларынын курулушу , жолдордун жаңылануусу да да ушул ишкананын бизге төлөгөн төлөмдөрүнүн натыйжасында жасалып жатат» , — деди аким Т.Ишенбеков.

Жыйындын соңунда мекенин 2024-жылга карата иш пландары түзүлүп , өткөн жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы кабыл алынды.

Эске салсак , «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун балансында иштетилип жаткан 14 мунай жана газ кени бар . Анын ичинен 3 лицензиялык аймакта изилдөө , чалгындоо багытында.

За последними событиями следите в Телеграм-канале @tazabek_official

По сообщению сайта Tazabek

© 2015 - 2018
Траст. Анализ сайта xx3.kz Яндекс.Метрика